30 жылдагы жети шайлоонун сабагы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өтөт. Парламенттин буга чейинки айрым чакырылыштары мөөнөтүнөн мурда таратылса, акыркы чакырылыштын мөөнөтү тескерисинче бир жылдан ашык убакытка узарды. Алдыда буга чейинки чакырылыштардын таржымалы жана шайлоолордун сабактарына токтолобуз.