Канцлер Ангела Меркелдин ордун Олаф Шольц басмай болду

Ангела Меркел жана Олаф Шольц. 24-ноябрь, 2021-жыл

Социал-демократтар партиясынын лидери, учурдагы финансы министри Олаф Шольц Германиянын эмки канцлери болот. Бундестагга өткөн үч партия башкаруучу коалиция түзүү тууралуу мунасага келишти.

Социал-демократтар сентябрда өткөн шайлоодо азыркы өкмөт боюнча өнөктөшү Христиан-демократтардан озуп чыгып, марага биринчи болуп келген. Жаңы коалицияга ошондой эле Жашылдар партиясы менен Эркин демократиялык партия кирет.

Канцлер Ангела Меркел мүчө болгон Христиан-демократтардын блогу парламентте 48 мандат жоготкон.

Меркелдин ыйгарым укуктары расмий түрдө токтогону менен, жаңы өкмөт түзүлгүчө кызматын аткара берет.

Дагы караңыз

Шайлоодогу "шайтан технология" Жалал-Абад облусунун үч районуна арзандатылган баадагы көмүр жеткирилдиБорбор Азияда кыш караңгы, ызгаар күч болот