Кыргызстанда 3,5 тоннадан ашык сапатсыз эт жок кылынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы азык-түлүк базарларында сатылып жаткан эт азыктарынын сапатына ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүлүп, натыйжасында жалпы көлөмү 3 тонна 606 килограммдан ашуун ири мүйүздүү малдын эти жок кылынды.

Бул тууралуу 24-ноябрда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка карганда, 2021-жылдын 10 айында бодо малдын, тоок, жылкы, чочко, кой-эчки жана майда жандыктардын этине жүздөгөн лабораториялык экспертиза жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 3606,7 кило бодо малдын эти, 1241,7 кг кой-эчкинин эти, 544,6 кг чочконун эти жана 594,8 кг жылкынын эти майдаланып, хлор себилип, жок кылууга жөнөтүлгөн.


Кыргызстанда акыркы мезгилде тамак-аштын баасы кескин жогорулап жатат. 2020-жылдын күзүндө Кыргызстанда эт 550 сомго чейин кымбаттап кетип, өкмөт айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, анын ичинде мал-жандыкты Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган. (KE)

Дагы караңыз

Кыргызстанда модулдук вирусологиялык лабораториялар курулуп жататNetflix кыргыздардын улуттук аңчылык өнөрү тууралуу даректүү тасма тарттыЕККУнун парламентарийлери Кыргызстандагы шайлоого байкоо салатМэрия троллейбустар саат 22:00гө чейин жүрө турганын билдирдиДемократияга арналган саммитке Борбор Азия лидерлери чакырылган жокУлуттук банк валюта базарына 70,3 миллион доллар сатты