23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын демилгеси менен “Мөңгүлөргө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бул демилгени президент Садыр Жапаров быйыл сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында көтөргөн.
Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен Кыргызстандын резолюциясына ЮНЕСКОнун төмөнкү мүчө-мамлекеттери демөөрчүлүк кылды: Орусия, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Бангладеш, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Тунис, Испания, Мадагаскар, Аргентина, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Корея, Италия, Беларус, Кения, Габон, Намибия, Казакстан, Исландия, Улуу Британия жана Австрия.
Министрлик тараткан маалыматта "резолюциянын негизги максаты – 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу мөңгүлөргө жана түбөлүк тоңдорго мониторинг жүргүзүү жана изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө", - деп айтылат.
Советтер Союзунун Илимдер Академиясы 1940-1970-жылдары Борбор Азиядагы мөңгү системасын изилдеп, 1976-жылы 22 томдон турган мөңгүлөрдүн каталогун жарыялаган. Анда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8076 чарчы чакырым деп көрсөтүлгөн. Каталог 2013-жылдан кийин гана жаңыланып, соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду. Гляциологдор алдыдагы 50 жылда майда мөңгүлөр эрип жоголуп, чөлкөмдө кургакчылык болот деп коңгуроо кагып жатышат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дагы караңыз
Кумтөр: "Центерра" менен өкмөт кайрадан кайым айтышты Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Таңкы Азаттык Netflix кыргыздардын улуттук аңчылык өнөрү тууралуу даректүү тасма тартты