23-ноябрда "Нур Отан" партиясынын саясий кеңешинин жыйынында Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев партия төрагалыгын азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевге тапшыра турганы жарыяланды. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибай жазды.
Казакстанды отуз жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Бирок бийликтеги партиянын төрагалыгын сактап калган. Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугуна ээ.
Мындан улам байкоочулар 81 жаштагы Назарбаев мурдагыдай эле өлкөнү де-факто өзү башкарып жатканын айтып, аны Кытайдын мурдагы лидери Дэн Сяопин менен салыштырып келишет. Ал кызматтан кеткени менен мамлекет саясатын башкарууну узак жылдарга чейин өз колунан чыгарбай келген.
Дагы караңыз
Ооганстан: атайын күчтөрдүн мурдагы жетекчилеринин бири АКШдан жардам сурадыБир мандаттуу округдарда аял талапкерлердин саны 10 пайызга жетпейтКасмамбетов мамлекеттик кызматкерлерди үгүткө аралашпоого чакырды “Жалпы иш” фонду: айрым округдарда аял талапкерлер такыр жок