Президент Жапаров мушкер Валентина Шевченко менен жолукту

Президент Садыр Жапаров жана UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко. 22-ноябрь, 2021-жыл. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы спортчуну алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктаган.

Садыр Жапаров чемпиондун ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирген.

Президент спортчуга 1 млн. сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды.

Валентина Шевченко президентке кепка, футболка, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылган.

Дагы караңыз

Валентина Шевченко Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү Орусиянын президенти Путин вакцинанын үчүнчү дозасын алганын билдирдиАт-Башынын акиминин орун басары Сүлүктү шаарына мэр болдуЖапаровдун жаңы конуштагы жолугушуусуна ЭлТР, КТРКнын кабарчылары гана киргизилди