Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алганын билдирди.
21-ноябрда "Россия 24" мамлекеттик каналына маегинде: "Эки саат мурда мага ревакцинация кылды. Эч нерсе сезген жокмун. Абалым жакшы. Баары жакшы",-деди ал.
Путин "Спутник V" вакцинасынын биринчи дозасын мартта, экинчи дозасын апрелде алган.
Орусияда 146 миллион калктын 37% гана коронавируска каршы эмделген. Пандемия башталгандан бери COVID-19 инфекциясы 246 миң адамдын өмүрүн алды. Бирок Росстат агенттиги сентябрдын соңунда бул оорудан 460 миңдей киши көз жумганын билдирген.
Орусиянын президентинин вакцина алып жаткан сүрөт, видеолору эч жакка жарыяланган эмес.
Дагы караңыз
Министрлик музейдин апрель окуяларына арналган бөлүгү боюнча маалымат бердиСадыр Жапаров Кара-Кечеде көмүр казуу маселеси чечилгенин айттыОрусияда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жоопко тартылды