Шайлоо-2021: Талапкер Медеткан Шеримкуловго айыппул салынды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Азаттык" партиясынан талапкерлигин койгон Медеткан Шеримкуловго 7500 сом айыппул салынды.

Ал Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко катышкан видеону "Фейсбукка" чыгарып, мыйзам бузганы айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун маалыматына караганда, видео 16-20-ноябрь күндөрү Шеримкуловдун баракчасында турган.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамга ылайык, талапкер башка мамлекеттердин саясий лидерлеринин сүрөттөрүн жарыялап, үгүткө колдонбошу керек.

БШК мүчөлөрү 21-ноябрдагы жыйында бул маселени карап, айыппул салуу чечимин кабыл алышты. Отурумга катышкан "Азаттык" партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Жапаров каршы пикир билдирген жок. Шеримкулов чечимдин үстүнөн сотко кайрылууга акылуу.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. (SE)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын ыктымал кол салуусу тууралуу маалымат таратты Кыргызстан альтернативдүү энергетика үчүн инвестор издеп жатат"Центерра" Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү тараттыБолгарияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат