СOVID-19: Вакцина албаган дагы үч бейтап кайтыш болду

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду.

Үчөө тең вакцина албагандар экени айтылды. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2723 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 53 адамдан табылды. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында. Чүй менен Нарын облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 23;
  • Ош шаары - 1;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу - 3;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу - 6 кишиден вирус расмий аныкталды.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды.

Азыр ооруканада 474 бейтап жатат, дагы 661 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Дагы караңыз

Жоомарт Оторбаев Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен абактан бошотулдуӨзбекстанда 26 миңден ашуун эмделбеген жаран кызматынан алындыМигранттар Польшага кирүүгө дагы аракет кылыштыЭкс-премьер-министр Темир Сариев абактан чыкты