Ооганстанда быйыл 15-августта бийликти басып алган "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкмөтүндөгү тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Aмир Хан Mутаки Германиянын атайын өкүлү Жаспер Вик жана Нидерландынын атайын өкүлү Эмиел де Бонт менен бейшембиде Кабулда жолукту.
Жолугушууда гуманитардык жардам жеткирүү жана саясий кызматташтыктын келечеги талкууланды. "Талибан" кыймылы бийликке келген августтун ортосунан бери Батыш өлкөлөрү өз банктарындагы оогандардын каражатын чектеп, финансылык жардамды бууп салган.
Ушул тапта "Талибан" өкмөтү өлкөнүн калкын кантип багуунун аргасын издеп турган чагы.
Улуттар Уюмунун атайын өкүлү 38 миллион калктын 60% ачарчылыкка кабылганын, өлкө "гуманитардык апааттын" алдында турганын эскертти.
Дагы караңыз
Абакта кордук көргөн аял кенемтенин суммасына нааразы Горбачев менен Муратов "Мемориалды" коргодуАвстрия калкты милдеттүү эмдөө чарасын жарыялады