"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы парламенттик шайлоого катышып жаткан "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын пайдасына иштегени аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 19-ноябрда ушундай билдирүү таратты.
Бөлүм башчы партиянын тизмесиндеги талапкердин үгүт иштерине катышканы айтылууда.
Базар-Коргон райондук Ички иштер бөлүмү бул фактыны 10-ноябрда каттап, үгүттөө фактысы тастыкталган. УКМКнын басма сөз кызматы бөлүм башчынын иши тергелип жатканын, анын жыйынтыгына жараша чара колдонуларын билдирди.
Райондун акими "Кадастр" ишканасынын филиаланын башчысына "катуу сөгүш" жарыялады.
Кыргызстандын жогорку бийлиги парламенттик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартыларын айтып келүүдө. Ушундай жүйө менен бир катар чиновниктер кызматтан алынды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.
Дагы караңыз
БШК алдында Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабын койгон акция өттүОшто талапкерлер шайлоону таза өткөрүү тууралуу меморандумга кол коюштуДепутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров УКМКга суракка чакырылдыБШК Камчыбек Жолдошбаевди шайлоодон четтетти