Татарстандын президенти Кыргызстанга келди

Рустам Миннихановду мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов 18-ноябрда иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулай турганын президенттик админстрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, Минниханов кыргыз-татар ишкердик форумуна да катышат. Ушундай форум 2015-жылы өткөн.

«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Кыргызстанда СССР убагында 50 миңден ашуун татар улутундагы адамдар жашаган. Кыргыз-татар достук коомунун 2015-жылдагы эсебине ылайык, өлкөдө 30 миңге жетпеген татар тектүүлөр жашары маалым болгон.

Дагы караңыз

Коронавирус жуккан дагы үч адам көз жумдуӨрдөк этине байланыштуу сот өкүмү чыгышы мүмкүн"Кыргыз кереметинин" жаңы кербениТүркмөнстанда субсидияланган азыктардын тизмеси кыскардыБишкекте жарыксыз калгандар жолду бууду | Жаңылыктар | 18.11.2021 |