Коронавирус жуккан дагы үч адам көз жумду

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2715 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 60 адамдан табылды. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы алгач 2020-жылдын мартында катталган.

Жарандарга бул ооруга каршы вакцинанын алты түрү акысыз сайылып жатат. Эмдөө көрсөткүчү 18-ноябрга карата кырк пайыздын тегерегинде болууда.

Дагы караңыз

Тогуз айда жарандар 27,4 миллиард сом чакан насыя алдыӨрдөк этине байланыштуу сот өкүмү чыгышы мүмкүнУКМК: Рыскелди Момбеков дипломду мыйзамсыз алганКыргыз киносунун архивин сактаган ФедоровCOVID-19: Украинада абал оор, Орусияда дарыгерлер тартышГерманияда коронавирус жугузуп алгандар жогорку чекке жетти 16 жашка толгондорго Pfizer–BioNTech вакцинасын алууга уруксат берилди