Министр Тарых музейи 20-ноябрда ачыларын билдирди

Улуттук тарых музейинин капталынан тартылган сүрөтү.

Бишкекте беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи 20-ноябрда ачылат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов билдирди.

Министр Фейсбукка жазгандай, жарандар 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин музейге акысыз киргизилет. Кийин акылуу кызмат көрсөтүлөт.

2016-жылы оңдоо иштерине байланыштуу жабылган Улуттук тарых музейи коррупцияга байланыштуу талаштуу жагдайлардан улам ушул күнгө чейин ачылбай турат.

Дагы караңыз

Карыздан кутулган музейдин качан ачылары белгисизБишкектеги Тарых музейи карыздын айынан ачылбай турат