Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина ала турган жарандардын 37% эки дозаны сайдырышты. Бир эле дозаны алгандардын көрсөткүчү 47% болгонун 18-ноябрда Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова "Азаттыкка" билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эмделгендер 1 миллион 895 миңге жакындады. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты. Вакцина бир адамга эки жолу берилет, аралыгы үч жума болууга тийиш.
Адистер коомдук иммунитет калыптанышы үчүн 2,5 миллиондой киши, тагыраагы 18 жаштан жогорку жарандардын 70% толук эмделиши зарылдыгын айтышат.
Каалоочулар Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac, Sputnik Light препараттарын акысыз алат. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн маалымдаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде артта калып жатканын 11-ноябрда айткан.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус менен расмий катталгандардын саны 183 миңге жакындап калды, алардын 2700дөн көбү каза болду.
Дагы караңыз
Суваналиев добуш сатып алуунун атайын схемасы бар экенин айтты (видео)Бишкекте прокурордун орунбасары паракорлукка шек саналып кармалдыКоронавирустан дагы үч адам каза болду, 62 бейтап жаңы катталдыБШК өкүлү шайлоого байланыштуу арыз-даттануулар аз экенин айтты