Кабулда бир күндө эки жардыруу болду

Кабул шаары.

Ооганстандын борбору Кабулда 17-ноябрда эки жардыруу бир кишинин өмүрүн алып, алтоо жарадар болду.

Биринчи жардыруу Кабулдун батыш тарабында болуп, бир нече кишини жаракат алган. Экинчиси бир нече сааттан кийин ошол эле аймактан алыс эмес жеринде орун алды.

Азырынча жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок жардыруулар “Ислам мамлекети” террорчул уюму буга чейин уюштуруп келген жардырууларга окшош экени айтылууда.

Ооганстандагы бийликти колуна алган “Талибан” кыймылы өткөн жумада "ИМ" тобунун 600дөй мүчөсүн кармаганын кабарлаган.

Дагы караңыз

“Алтын-Казык” конушунун жарыгы карыздан улам өчүрүлгөнү кабарланды Евробиримдик мигранттарга жардам иретинде 700 миң евро бөлөтБУУ: Ооганстанда апийимдин көлөмү көбөйдү