Юстиция министрлиги: Кыргызстан “Скай Мобайл” боюнча арбитраждык ишти жапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан “Скай Мобайл” (Beeline соода маркасы) уюлдук оператору боюнча арбитраждык ишти жапканын бүгүн 17-ноябрда өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 73,8 миллион долларлык иш Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто каралып жаткан.

2018-жылдын ноябрында Menacrest AG жана VIP Kyrgyzstan Holding AG компаниялары “Скай Мобайл” иши боюнча 73,8 миллион доллар өлчөмүндө кенемте талап кылып Кыргызстанга каршы арбитраждык териштирүү баштаган.

2021-жылдын февраль айында доо койгон тараптын жүйөлөрүн уккан жыйындар өткөн. 2020-жыл бою тараптар өз позицияларын жазуу түрүндө билдирип келишкен.

Быйыл 12-ноябрда арбитраждык трибунал ишти толук жабуу жана бул инвестициялык ишти токтотуу тууралуу буйрук чыгарганы белгилүү болду. Буга тараптардын талашы чечилгени жана Кыргызстанга каршы акчалай доо чакыртылып алынганы себеп болгон. 2018-жылдын ноябрынан берки арбитраждык чыгымдардын 96,2% доо койгон тарап, ал эми 3,2% Кыргызстан тарап жабууга макулдугун берген.

«Скай Мобайл» Кыргызстанда 1998-жылы ачылган «Бител» ишканасынын негизинде 2006-жылдан тартып иштей баштаган. 2010-жылы ал он өлкөдөн турган компаниялар тобуна кирген. (RK)

Дагы караңыз

"Жол кырсыгына кабылгандарга реабилитациялык жардам жок"Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайтБишкекте абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча комиссия түзүлдүЧехияда вирус жуктургандардын саны кескин көбөйдү