Чехияда вирус жуктургандардын саны кескин көбөйдү

Чехиядагы эмдөө борборлорунун бири.

Он миллион калкы бар Чех Республикасында бүгүн, 17-ноябрда 22 479 кишиден коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Ушундай эле курч кырдаал Чехияга коңшулаш жайгашкан Австрия, Германия жана Словакияда байкалууда.

Чехия эмделгендердин саны боюнча Европанын башка өлкөлөрүнөн артта калды. Өлкөдө вакцина алгандар калктын 57,6% түзөт. Ал эми Европада орточо көрсөткүч 69%.

Коронавирус пандемиясынын акыркы толкунунда Чехия мурдагыдай кылып катаал чектөөлөрдү киргизген эмес. Чех өкмөтү катаал эрежелерди колдонулбастыгын жана мектептер жабылбай турганын билдирген. Ал эми ресторан, кафелерге кирүү үчүн жарандар коронавирустун жоктугун тастыктаган тесттин жыйынтыгын же эмделгендиги тууралуу сертификатты көрсөтүүгө тийиш.

Дагы караңыз

Pfizer коронавируска каршы таблеткаларды өндүрөтЕККУ кеңсесинин алдында Равшан Жээнбековдун маселесине байланыштуу пикет өттүКоронавирустан эки бейтап каза болуп, 77 учур жаңы катталдыБишкекте коронавируска каршы ревакцинация башталды