"Жол кырсыгына кабылгандарга реабилитациялык жардам жок"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектин тургуну Элан Абдыкеримов төрт ай мурун таанышынын машинесинде жүргүнчү катары баратканда жол кырсыгына кабылган. Колу-буту сынып, бир нече ай төшөктө жатканга мажбур болду. Ал Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтууга гана эмес, жабыркагандарга реабилитациялык жардам көрсөтүүгө да жетиштүү көңүл бурулбай жатканын сындады.