Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 77 учур жаңы катталды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда инфекциядан эки адам каза болду. Экөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2712 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 77 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Ош шаары менен Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

  • Бишкек - 27
  • Чүй облусу – 23
  • Ош облусу – 7
  • Талас облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 6
  • Баткен облусу - 4

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 605 адамга жетти.

Азыр ооруканада 521 бейтап жатат, дагы 734 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 1 миллион 882 миң кишиден ашты. Алардын миллиондон ашыгы биринчи дозасын, 827 миңден көбү экинчи дозасын сайдырды.

Ушул тапта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. 12-ноябрда инфекциясына каршы Орусиянын “Спутник Лайт” вакцинасынын 200 миң дозасы алынып келген. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте 17-ноябрдан баштап коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталганын билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот. (КЕ)

Дагы караңыз

АӨБ Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 80 миллион доллар беретСултанбаев: Шайлоодо президенттин атын колдонгондор жазаланатБишкекте коронавируска каршы ревакцинация башталдыИИМ: Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрир” жана “Йакын-Инкар” тобунун мүчөлөрү көпАрмения Азербайжан менен ок атышуу токтогонун жарыялады