Кош бойлуу аялдарга COVID-19га каршы вакцина алууга уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды коронавируска каршы эмдөө жөнүндө чечим кабыл алды. Министрлик мындай чараны көбүрөөк адамды эмдөөдөн өткөрүү максаты менен түшүндүрдү.

16-ноябрга карата өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын калктын 46%, экинчи дозасын 37% алды.

Ушул күндөрү жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги “Sputnik-V” вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

12-ноябрда Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын “Спутник Лайт” вакцинасынын 200 миң дозасы алынып келген. (BTo)

Дагы караңыз

Тергөө абагындагы Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыяладыУКМК кылмыштуу топторго шайлоого кийлигишпөөнү эскерттиЖо Байден менен Си Цзинпин виртуалдык саммит өткөрүштүАкыйкатчы институту абактагы Жеңиш Молдокматовдон кабар алдыУКМК Бекешев үгүт ишине окуучуларды пайдаланганын билдирди