УКМК кылмыштуу топторго шайлоого кийлигишпөөнү эскертти

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарга карата бир катар облустарда ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүздү.

Мурда-кийин сот жообуна тартылган бир катар адамдар 8-12-ноябрь күндөрү атайын кызматтын органдарына жеткирилип, аларга шайлоого кийлигишүүгө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого болбой турганы эскертилди.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (BTo)

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар.

Дагы караңыз

Жо Байден менен Си Цзинпин виртуалдык саммит өткөрүштүКыйноолорго каршы бир айлык башталдыАкыйкатчы институту абактагы Жеңиш Молдокматовдон кабар алдыУКМК Бекешев үгүт ишине окуучуларды пайдаланганын билдирди