Энергетика министрлиги 15-ноябрда чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну ниет кылган 20 компанияга күбөлүк берди.
Мекемеден кабарлашкандай, ишканалар жалпысынан 639,5 мВт кубаттуулук бере турган станцияларды курат.
Күбөлүктөрдү берүү иш-чарасында энергетика министри Доскул Бекмурзаев өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин куруп баштаганын, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планда бар экенин айтты.
Кыргызстанда жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, анан Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% бир аз көбүн өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жеткен.
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. (BTo)
Дагы караңыз
Дастан Бекешев УКМКда сурак берип чыктыПрезидент Жапаров: өкмөт көмүрдү 3000 сомдон сата баштайтӨкмөттө Бишкектеги ыш маселеси талкууландыИИМ диний экстремисттик уюмдардын соцтармактагы ишмердүүлүгүнө каршы күрөшөтКыргызстан “Мегаком” боюнча эл аралык арбитраждык сотто биротоло уттуСадыр Жапаров: Бул шайлоо - беш жылга карата акыркы саясий процесс