Министр Бекмурзаев: Кыргызстандын ири ГЭС долбоорлору талашка түшүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ири ГЭС куруу долбоорлору талашка түшүүдө. Бул тууралуу 15-ноябрда “Азаттыктын” түз эфиринде энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Министр “Камбар-Ата-1” ГЭСи Кыргызстанга генерация түрүндө гана, ал эми суу жагынан Казакстанга жана Өзбекстанга “бизден да көбүрөөк керек” экенин, эгер инвесторлор менен натыйжа болбосо улуттук долбоор катары аны “келечекте өзүбүз саларыбызды” айтып, буга мүмкүнчүлүк “албетте жетет” деп билдирди:

“Садыр Нуркожоевичтин өзүнүн айткан сөзү – кайсы инвестор келип, биринчи сала баштаса, ошону менен иштеп кете беребиз. Бүгүнкү күндө Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Орусия, Кытай менен “Камбар-Ата-1” боюнча өтө тыгыз, байма-бай талкуу жүрүп жатат”.

2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. (RK)

Дагы караңыз

Еврошаркет Минскиге каршы санкцияларды аныктайтЖаңылыктар | 5.11.2021 | Тажик жарандары Кыргызстанга үчүнчү өлкө аркылуу кире албайтБийлик бутактарынан сүрүлгөн аялдарКыргызстан аялзат үчүн кооптуубу?