Еврошаркет Минскиге каршы санкцияларды аныктайт

Беларус менен Польшанын чек арасы. 15-ноябрь, 2021-жыл

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери 15-ноябрда миграциялык кризиске байланыштуу Беларус бийлигине каршы жаңы санкция салуунун критерийлерин аныктайт. Буга чейин санкциялардын тизмеси жарыяланары маалымдалган. Бирок тизме дагы талкууланары айтылды.

Британиялык Financial Times басылмасынын булактары билдиргендей, тизмеге мигранттар конгон Минск аэропорту туш болушу мүмкүн. Бул тууралуу буга чейин Reuters агенттиги да кабарлаган. Санкциялар 20 аткаминерге, “Минск” мейманканасына, сириялык Cham Wings Airlines жана "Белавиа" авиакомпанияларга салынышы мүмкүн.

Соңку бир нече айдан бери Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан агылган мигранттар Беларус аркылуу шаркеттин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литванын аймагына өткөнгө аракеттенишүүдө.

Евробиримдиктин лидерлери расмий Минскини “гибриддик согуш” тактикасы үчүн айыптап жатышат.

15-ноябрда Александр Лукашенко Минск мигранттарды атайы ташып келүүдө деген айыптоону кайрадан четке кагып, өлкө жаңы санкциялардан өзүн коргой турганын билдирди.

Еврошаркет буга чейин былтыркы августта болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып, оппозициянын аеосуз куугунтукталышына байланыштуу Беларуска каршы санкция киризген.

Дагы караңыз

COVID-19: Кытайдын Далянь шаары карантинге жабылдыМамлекеттик бюджеттин көбү эмгек акы жана жөлөк пулга багытталдыЧек арадагы опузалоо тууралуу маалымат текшерилүүдөЕвропа соту Москвада кулчулукта калган казак жана өзбек мигранттарынын арызын карайтКоронавируска каршы ревакцинация жүргүзүлөт