Мамлекеттик бюджеттин көбү эмгек акы жана жөлөк пулга багытталды

2021-жылдын январь-сентябрында мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жарымынан көбү эмгек акыны жана социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө багытталды. Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын 9 айында мамлекеттик бюджет 3,7 млрд. сом суммасында профицит менен түзүлдү. Ал эми өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде 15,6 млрд. сом өлчөмүндө тартыштык катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Жалпы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү 145 млрд. ашык сомду түздү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырганда 43 млрд. сомго көп. Мында салыктык кирешелер 107 млрд. сом суммасында аныкталды, бул өткөн жылга караганда 34 млрд. сомго көп, ал эми салыктык эмес түшүүлөр 32 млрд. сомду (дээрлик 10 млрд. сомго көп) түздү.

2021-жылдын январь-сентябрында жалпы мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 23 млрд. сомго көбөйүп 142 млрд. сомго жакын түздү. Жылдын башынан бери мамлекеттик бюджеттин негизги каражаттары эмгек акыны (52 млрд. сомго жакын же жалпы чыгымдарынын 36%) жана социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө (26 млрд. ашык же 18%) жумшалган.

Жылдын башынан бери өткөн жылга караганда эмгек акыны төлөөгө 7 млрд. сомго көп каражат сарпталып, субсидияларды берүүгө - 1,7 млрд., социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө - 1,5 млрд., дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга - 1,4 млрд., гранттарга - 1,4 млрд. жана пайыздарды төлөөгө - 1,3 млрд. сомго көп каражат жумшалды.

Ошондой эле финансылык эмес активдерди (25 млрд. же 17%), товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдаланууга (16 млрд. сом же 11%) багытталды. Гранттарга 11 млрд. сом же 8%, пайыздарды төлөөгө - 7 млрд. жакын (же дээрлик 5%), субсидияларды берүүгө - 4 млрд. ашык (же 3%), башка чыгымдарга - 0,5 млрд. сому (же 0,3%) жумшалган.

Улуттук статистика комитетинин эсептөөсүнө ылайык, республикада орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 19 миң 586 сом (231,6 АКШ доллары) болду. Мекеме өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу орточо маяна 9% өстү деп эсептеген. Орточо айлык акы Ош облусунда 10,9%, Ош шаарында 13,5% жана Бишкек шаарында 9,9% көтөрүлгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Коронавируска каршы ревакцинация жүргүзүлөт Кабулда эртең менен дагы бир жардыруу болдуЕвропа соту Москвада кулчулукта калган казак жана өзбек мигранттарынын арызын карайтCOVID-19: Кыргызстан өспүрүмдөрдү да эмдей баштайтЧек арадагы опузалоо тууралуу маалымат текшерилүүдө