COVID-19: Кыргызстан өспүрүмдөрдү да эмдей баштайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өспүрүмдөр да коронавируска каршы вакцина ала алат. Бул тууралуу 14-ноябрда КТРКнын түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, 15-18 жаштагы кыргызстандыктарды эмдөө боюнча чечим декабрь айында кабыл алынат. Чет өлкөгө чыгып жаткан балдарга уруксат берилди, алар вакцина алууда.

2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы 2700дөн ашуун кыргыз жаранынын өмүрүн алды, алардын арасында балдар да бар.

Азыркы тапта өлкөдө вакцинанын алты түрүн бекер алууга шарт түзүлгөн. Вакцина 18 жаштан жогору курактагыларга сайылууда. Эмдөө көрсөткүчү бүгүнкү күндө кырк пайыздын тегерегинде болууда. (RK)

Дагы караңыз

Кыргыз жеринен бакыт тапкан тажик кызыЧек арадагы опузалоо тууралуу маалымат текшерилүүдөӨлкө боюнча бир аптада 12 миңден ашуун жол эрежеси бузулдуБлинкен Орусиянын украин чек арасындагы активдүүлүгүнө тынчсыздануусун билдирди