COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 84 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2707 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 84 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (66 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 425 адамга жетти.

Азыр ооруканада 559 бейтап жатат, дагы 721 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

Ооганcтанда журналисттин өлүмү үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" алдыКыргызстанда шайлоочулардын тизмесин тактоо аяктадыКыргызстанга “Спутник лайт” вакцинасынын 200 миң дозасы келдиЖалпы түрк тарыхы окуу китебин жакшыртуу – орток озуйпа