Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш бере турган шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрда бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, жарандарга тизмеден өздөрүн тактоого 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин убакыт берилди.
29-октябрда tizme.gov.kg порталына жарыяланган маалыматка караганда, бир мандаттуу округдарда 3 миллион 621 миң 751 шайлоочу катталган. Жалпы өлкө боюнча бир округда 3 миллион 699 миң 46 шайлоочу бар. Добуш берүүчүлөрдүн акыркы - даяр тизмеси 18-ноябрда “Тизме” порталына чыгат.
Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Эквадор түрмөсүндөгү тополоңдо 70тей адам мерт кеттиКаддафинин уулу Ливиянын президенттигине талапкерлигин койдуПрезидент Жапаров добуш саткандар жана сатып алгандар жазаланарын билдирдиСузак: бир үй-бүлөдөн үч наристе иске ууланып чарчап калды