Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын “Спутник Лайт” вакцинасынын 200 миң дозасы алынып келди. Саламаттык сактоо министрлиги жүк 12-ноябрда “Манас” эл аралык аэропортунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилгенин кабарлады.
Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы Орусия COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанга 1,2 миллион доллардан ашык каражат бөлгөнүн билдирген.
“Спутник Лайт” - коронавируска каршы Орусияда өндүрүлүп жаткан “Sputnik V” вакцинасынын жеңилдетилген түрү.
Дагы караңыз
Польшанын бийлиги чек арадагы миграциялык кризис боюнча НАТОго кайрылдыКаддафинин уулу Ливиянын президенттигине талапкерлигин койдуПрезидент Жапаров добуш саткандар жана сатып алгандар жазаланарын билдирдиСузак: бир үй-бүлөдөн үч наристе иске ууланып чарчап калдыКыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан каза тапкандар 2704кө жетти. Вирус 182 341 кишиге жугуп, андан 176 824 адам айыкты.
Өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 1 миллион 800 миң кишиден ашты. Алардын миллиондон ашыгы биринчи дозасын, 813 миңден көбү экинчи дозасын сайдырды.
Ушул тапта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги “Sputnik-V” вакцинасы түгөнгөнүн билдирген. (BTo)