Сузак: бир үй-бүлөдөн үч наристе иске ууланып чарчап калды

Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок

14-ноябрдын таңында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жашар кыз жана төрт жашар эгиз наристелер өздөрү жашаган үйдө иске ууланып чарчап калды.

23 жаштагы энеси эс-учун жоготкон абалда Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Анын абалы оор деп бааланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча үй-бүлө үйдөгү мешке жагылган оттун исине ууланган. Бул тууралуу облустук орукананын баш дарыгеринин орун басары Мелис Баймуратов билдирди.

Кыргызстанда жыл сайын кыш мезгилинде мешке от жагууда коопсуздук эрежелери сакталбай, өрттөн жана көмүр исине ууланып каза болгондор катталып турат.

Быйыл он айда 30га жакын адам, 2020-жылы 14 адам өрттөн каза болгон. (JsA)

Дагы караңыз

Глазгодо COP-26 саммити аяктадыАла-Бука: Кыргыз-өзбек чек арасында эскертүү иретинде ок атылды Зеленский: Украина менен чек арада 100 миңдей орус аскери туратБеларус-Польша чек арасында сириялык мигранттын сөөгү табылды