Синоптиктердин маалымдашынча, 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9 градус жылуу болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-25, күндүз 0...-5,
14-ноябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3° суук, күндүз 12…14° болот.
Дагы караңыз
Жаныш Бакиевдин сүрөтүнөн чыккан чууТаласта үгүт ишине аралашты делген айыл өкмөтү кызматтан кетти “Кальмар оюнундагы" зомбулуктун зыяндуу таасири"Шамбала" тасмасынын режиссеру Түркияда эң мыкты номинациясын жеңди