Чүй облусунун Москва районунун аймагында курал-жарак сакталган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлады.
Маалыматка ылайык ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү эки даана магазини бар тапанча, бир нече гильза, тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды.
Алдын ала маалымат боюнча, алынган курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч заттар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталган.
Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгенин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.
Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Дагы караңыз
“Кальмар оюнундагы" зомбулуктун зыяндуу таасири"Шамбала" тасмасынын режиссеру Түркияда эң мыкты номинациясын жеңдиШайлоо-2021: үгүт шары менен иштен кеткендерCOP-26: Кыргызстандын жаштарынын атынан жалгыз делегат катышты