Кыргызстанда абактагы 453 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев маалымдады.
Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 836 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.
10-11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде Кыргызстандагы кырдаал талкууланды. Бишкектен кыргыз бийлигинин баяндамасы менен тааныштырууга Юстиция министрлигинин, Жогорку соттун жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган атайын топ Женевага барды.
Бишкектен барган делегация 2013-жылдан бери өлкөдө кыйноого кабылган фактылар катталганын, бул көйгөйдү токтотуу үчүн эмне иштер жасалып, Кыргызстан эл аралык коомчулук алдындагы милдеттемелерин кандай аткарып жатканын айтып берди.
Өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар менен укук коргоочулардын дагы төрт отчету Комитетке жиберилген.
Кыргызстанда кыйноо фактылары барын бийлик дагы, укук коргоочулар дагы белгилеп келет. (TSh)
Дагы караңыз
ИИМ: колунда бар үй-бүлөдө зомбулук жашырылатТаласта үгүт ишине аралашты делген айыл өкмөтү кызматтан кетти Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда дээрлик 15 пайызга өстүБишкекте маданият өкүлдөрүнүн портреттеринин көргөзмөсү ачылды