Ички иштер министрлиги сентябрь айынан баштап «Альфа-Телеком» жана «Нур-Телеком» байланыш операторлорунун абоненттеринин укугун бузуп, шантаж кылып акча алып жүргөн Кочкор районунун 32 жаштагы тургуну кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Интернеттеги вирус-блокиратор аркылуу порнографиялык сайтка кирген абоненттерге Ички иштер министлигинин атынан «мыйзамга каршы келген материалдар камтылган сайт бөгөттөлдү, айып пул катары 1700 сомдон 2200 сомго чейин каражат төгүшүңүз керек» деген сыяктуу билдирүү жөнөтүлгөн. Айрым жарандар билдирүүдө көрсөтүлгөн электрондук капчыктарга акча которушкан. Алдын ала маалымат боюнча шылуундар жарандардан 500 миң сомдой чогултуп алышкан.
Бул маселеге байланыштуу Нарын аймагынан бир нече жаран милицияга кайрылган. Буга чейин «Альфа-Телеком» жана «Нур-Телеком» байланыш операторлорунун өкүлдөрү шылуундарга чара көрүүнү өтүнүп, ИИМге арыз жазышкан.
Учурда факт Жазык кодексинин 203 -беренеси («Акча талап кылуу») боюнча катталып, башка тийиштүү адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Ички иштер министрлиги балдар көрсөтүлгөн порнографиялык жана баңгизаттарды жарнама кылган сайттар бөгөттөлүп, аларды жайылткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет. Ал эми порнографиялык сайттарга киргендер үчүн айып же санкция каралбагандыгын белгилейт. ИИМдин атынан жөнөтүлгөн Интернеттеги ар кандай билдирүүлөр боюнча милицияга кайрылууга чакырат. (TSh)
Дагы караңыз
ИИМ Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илгени үчүн кечирим сурады"Кыйноолорго каршы коалициясы” БУУга кыйноо боюнча өзүнчө баяндама тапшырдыИталияда Кыргызстандын элчилиги ачылды