Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, 9-ноябрда дипломатиялык мекеменин ачылышына Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты. Аземге Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү келишти.
Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Казакбаев Италиянын бийлигине ыраазычылык билдирди. Тышкы иштер министринин орун басары Марина Серени эки тараптуу мамилени өнүктүрүү маанилүү экенин жана Бишкекте Италиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу ниети бар экенин айтты.
Кыргызстан Италия менен дипломатиялык алака түзгөнүнө 30 жылга чамалаганы менен бул өлкөдө кыргыз элчилиги былтыр гана түзүлгөн. Алгачкы элчи болуп буга чейин өкмөттө, Тышкы иштер министрлигинде иштеген Таалай Базарбаев дайындалган. (TSh)
Дагы караңыз
ИИМдин имаратына өмүр бою кесилген Жаныш Бакиевдин сүрөтү илиндиШайлоо-2021: Өзгөн мэриясынын короосундагы талапкердин штабы жөнүндө маалымат текшерилетУКМК: Тажикстанда кармалган кыргызстандык боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат