Бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган талапкерлердин саны 300ге түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы 19 адам бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартканын маалымдады.
Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:
- Чүй облусу – 60 талапкер,
- Ош облусу – 50 талапкер,
- Жалал-Абад облусу – 45 талапкер,
- Ысык-Көл облусу – 39 талапкер,
- Баткен облусу – 37 талапкер,
- Нарын облусу – 28 талапкер,
- Бишкек ш. – 27 талапкер,
- Талас облусу – 13 талапкер.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.
Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия катталган.