Стамбулда кыргыз кинолору көрсөтүлүүдө

"Шамбала" тасмасынан үзүндү.

"Коркут ата - Tүрк дүйнөсү" фильм фестивалынын жана Kыргыз кинематографиясынын 80 жылдыгынын алкагында Түркиянын Стамбул шаарында 10-12-ноябрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер көрсөтүлүүдө.

"Кызыл алма", "Эрте келген турналар", "Ак кеме", "Саякбай" сыяктуу тасмалар түрк көрүүчүлөргө сунушталды.

Режиссер Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы фестивалдын толук метраждуу фильмдер номинациясында ат салышууда.
Стамбул шаарында алгачкы ирет уюштурулган "Коркут ата" фильм фестивалы Түркиянын маданият министрлигинин колдоосу менен өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан сыяктуу түрк тилдүү мамлекеттерден барган кинемотаграфия тармагындагы белгилүү инсандар катышууда.

Бул өлкөлөрдөн барган сценарист, режиссер жана продюсерлер түрк киноиндустриясы менен жакындан таанышуу үчүн атайын платформа түзүлгөнү да кабарланды. Фестивалдын жеңүүчүлөрү 12-ноябрда Стамбул шаарында жарыяланат. (ElB)

Дагы караңыз

Өспүрүмдөр менен аялдарды азгырган "хизбутчулар" Ректорду кызматтан кетирген үгүт ишиТашиев: Добуш сатып алуу фактысына көңүл бурбагандар жазаланат