Президент Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
"Мыйзамдын максаты ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат", - деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Бул макулдашууга ылайык, академиянын бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Академия түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана програмаларды колдоого алып жана каржылайт. Илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.
Президент 9-ноябрда “Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койгон.
Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" аттуу сегизинчи жыйынына катышат.
Дагы караңыз
УКМК: Тажикстанда кармалган кыргызстандык боюнча сүйлөшүү жүрүп жататБУУ беларус-поляк чек арасындагы мигранттарга тынчсыздандыМарат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал боюнча жыйынга катыштыCOVID-19: Үч бейтап каза болуп, 108 учур жаңы катталдыМилиция аялын сабаган киши камакка алынганын билдирди