Өзбекстанда окуучуну сабаган мугалим иштен алынды

Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Самарканд облусунун Пайарык районунда 8-класстын окуучусун сабаган математика мугалими иштен алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мугалим окуучуну кечигип келгени үчүн таякча менен сабап, анын буттары көгала болгон.

Кийинчерек Самарканд облустук элдик билим берүү башкармалыгы атайын түзүлгөн жумушчу топ менен биргеликте окуучунун апасынын кайрылуусун карап чыккан. Жыйынтыгында мугалимге карата дисциплинардык чара көрүлүп, ал иштен алынган.

Дагы караңыз

Варшава: Мигранттарды айдактагандын артында Путин турат Индияда Ооганстан боюнча аймактык конференция өттүСаакашвилинин соту башталды, 46 киши кармалдыТүрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн экономикалык дымагыМеркел Путинден миграция кризисин токтотууну өтүндүОрусия Кыргызстандан барган жемиштерди артка кайтардыБШК талапкер Улан Примовго үгүт мыйзамын бузганы үчүн эскертүү бердиБийликти сынаган энергетикалык кризис