"Учур" театры XX сезонун Зайырбек Ажыматовго арналган спектакль менен ачты

Зайырбек Ажыматовдун ырына жазылган "Жүрөктөгү бороон" пьесасы. Бишкек. 10-ноябрь, 2021-жыл.

"Учур" мамлекеттик жаштар театры Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында өткөн XX театралдык сезонунун ачылышында "Азаттыктын" журналисти, акын, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр бейнесине арналган "Жүрөктөгү бороон" аттуу пьесаны тартуулады.

Аны акын Сайра Батыркулова жазган. Режиссёру - Чыңгыз Мамаев. Чыгармада акындын ролун Жакшылык Кубатов ойноду.

"Учур" театры аталган спектаклди ушул жылдын башында даярдап, алгачкы жолу март айында Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын сахнасына койгон.

«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында капилет кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан.

Акындын калемине таандык «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) деген ыр жыйнактары жарык көргөн. (MZh)

Дагы караңыз

Бир катар бейөкмөт уюмдар Талант Мамытовдун талапкер болуп катталышын сындадыОрусия Кыргызстандан барган жемиштерди артка кайтардыБУУнун сессиясында Матраимов жана "Азаттыктын" кабарчысы тууралуу суроо берилдиЛавров Евробиримдикти Беларуска жардам берүүгө чакырдыПрезидент Садыр Жапаров Түркияга баратБийликти сынаган энергетикалык кризисСтамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин бизнес форуму өттүТүндүк-түштүк автожолунун кезектеги бөлүгү ишке берилди