Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин бизнес форуму өттү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан бизнес-форум. Стамбул.

10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин ишкерлери жана өндүрүүчүлөрү катышкан жыйын өттү. Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзу менен Түрк кеңеши тарабынан уюштурулган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия жана Венгриядан делегациялар барды.

Бизнес-форумга түркиялык эң ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Алар энергетика, жеңил өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы, нанотехнология, фармацевтика, айыл чарба, логистика, машина куруу жана башка чөйрөлөрдө иш алып барат.

Белгилей кетсек, экономикалык кызматташтык боюнча сөз ушул жылы президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын 9-июндагы жолугушуусунда да айтылган.

Анда Эрдоган товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу бир топ жылдан бери айтылып келген планды кайталап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда учак каттамдары көбөйө турганын жарыялаган.

Түркиянын Статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 529 миллион долларга соода жүргүзүлгөн. 2020-жылдын ноябрь айына чейин бул сан 449 миллион доллар болгон. (ElB)

Дагы караңыз

ОшМУнун мугалимдери ректордун кызматтан алынганына каршы чыгышты"Росэксимбанк" Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кошумча акча бөлүүгө даяр экени айтылды11-ноябрда айрым аймактарда жаан жаайт