БУУнун жарандык авиация агенттигинин баяндамасы кийинкиге жылды

Беларустук журналист Роман Протасевич.

Улуттар Уюмунун жарандык авиация агенттиги беларустук диссидент журналисттин камалышы боюнча фактыларды иликтөө миссиясынын жыйынтыгын кийинки жылдын башына жылдырды.

Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) 9-ноябрда билдирүү таратып, инцидент боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы 2022-жылдын январь айында гана жарыяланарын айтты.

“Жыйынтык топтолгон маалыматтын көптүгүнөн жана мамлекеттик сертификаттар талап кылынгандыгы үчүн кечигип жатат”, – деп жазылат Монреалда жайгашкан агенттиктин билдирүүсүндө.

Ушул жылдын май айында Афиныдан Вильнюска учуп бараткан учак “бомба болушу мүмкүн” деген жалган себеп менен Минскиге күч менен кондурулган. Анын ичинде сүйлөшкөн кызы менен чогуу учуп бараткан беларустук журналист Роман Протасевич камакка алынган. Көптөгөн өлкөлөр Минскинин мындай аракетин кескин сынга алышкан.

Британия менен Евробиримдик буга жооп катары авиакомпанияларды Беларустун үстүнөн учуп өтпөөгө чакырып, беларустук “Белавиа” компаниясынын учактарына биримдиктин аэропортторуна конууга тыюу салышкан.

Дагы караңыз

Абактагы Фарид Ниязов кайрылуу тараттыШайлоо: Жеңилген партиялар уткандарды куттуктоого милдеттенме алыштыКыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча изилдөө жүргүзүлдү