Абактагы Фарид Ниязов кайрылуу таратты

Фарид Ниязов сотко алып келинген учуру. 19-август, 2019-жыл.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязов абактан кайрылуу жолдоп, Садыр Жапаровдун бийлигин кескин сындап чыкты. Анын кайрылуусун жактоочусу Замир Жоошев “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

Анда Фарид Ниязов өлкөдө бийлик алмашканы менен эч нерсе өзгөргөн жок деп жазган. Президент Жапаров бардык бийликти колуна алганын айтып, бирок “куру убада гана берип жатат” деп сындаган. Мамлекеттик жетекчилерди социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө чакырган.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы Фарид Ниязовдун кайрылуусуна жооп бере элек. 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында Жапаров Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп билдирген. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ниязовдун 18-августтагы Орхан Инанды жөнүндө кайрылуусуна жооп кайтарган. Анда Ниязов өзүн элге саясий туткун жана күнөөсү жок болсо да жабыркагаан адам катары көрсөткүсү келип жатканы жазылган.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы үчүн кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. (TSh)

Дагы караңыз

УКМК: "Хизб ут-Тахрирдин” жыйынына өспүрүмдөр катышканы аныкталды Президент Садыр Жапаров элди вакцина алууга үндөдүЖапаров бажыдагы саботажды жаңы технология менен жоё турганын айттыДепутат айрым аймактарда бензин 85 сомдон сатылып жатканын айттыДепутат Нурдинов: Нарында көмүр тартыштыгы курч болуп турат