Шайлоо: Жеңилген партиялар уткандарды куттуктоого милдеттенме алышты

Бишкекте 10-ноябрда "Шайлоо - бул өз ара каршылашып, элди бөлүп-жаруу үчүн эмес, коомду биригүүгө алып бара турган жол" деп аталган талкуу өттү.

Ага алдыдагы парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялардын өкүлдөрү, эксперттер, талдоочулар, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев катышты.

Соңунда шайлоого катышып жаткан партиялар жана талапкерлер өз ара макулдашууга кол коюшту. Анда таза жана калыс шайлоо өткөрүү үчүн бирдей шарттарды түзүүнү мамлекеттик бийлик органдарынан талап кылуу, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурс пайдалануу, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө жана бөгөт коюуга кепилдиктер жазылган.

Мындан сырткары партиялар шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин утулган тарап жеңилгенин моюнга алып, жеңүүчүлөрду куттуктоого милдеттенме алышты.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттык орунга 54 депутат саясий партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (MTa)

Дагы караңыз

Өзбекстан журналистти киргизген жок УКМК: "Хизб ут-Тахрирдин” жыйынына өспүрүмдөр катышканы аныкталды Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча изилдөө жүргүзүлдүПрезидент Садыр Жапаров элди вакцина алууга үндөдүСтуденттер үгүт ишине катышканы үчүн ОшМУнун ректору кызматтан алынды