БШК Мунарбек Сайпидиновду партиянын тизмесинен чыгарды

Мунарбек Сайпидинов.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Азаттык" саясий партиясынын талапкери Мунарбек Сайпидинов шайлоого катышуудан баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сайпидиновдун арызын 9-ноябрда карап, тизмеден чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Мунарбек Сайпидиновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармаган. УКМКнын маалыматында, Савай айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланганы жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алганы кабарланган.

Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн. 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.

Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Сайпидиновго карата козголгон кылмыш ишин кыскартканы маалым болгон.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келген. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Дагы караңыз

Депутат Нурдинов: Нарында көмүр тартыштыгы курч болуп туратКыргызстанда коронавирус жуккандардын саны төмөндөп жататБишкекте 30 жаштагы адам түтүнгө ууланып каза болдуЖапаров бажыдагы саботажды жаңы технология менен жоё турганын айттыТүркмөнстанда окутуучулар соцтармактарды колдонбоого милдеттендирилдиНорвегияда полицияга кол салган белгисиз адам өлтүрүлдү