Аба ырайы: тоолордо кар жаайт

Синоптиктердин маалымдашынча, 10-ноябрда Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

10-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы: түнкүсүн -1…+1° суук, күндүз 10…12°.

Дагы караңыз

Милиция коомдук жайда аялын сабаган кишинин окуясын териштире баштадыКыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган айдоочулар президентке кайрылдыГермания Евробиримдикти Польшанын чек арасын кайтарууга жардам берүүгө үндөдүУКМК кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирдиАалы Карашев шайлоого катышуудан баш тартты