Президент энергетикадагы кризис жакынкы жылдары чечиле турганын билдирди

Иллюстрацялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров талкуу жаратып жаткан электр энергия жана көмүр маселеси боюнча өзүнүн Facebook баракчасына түшүндүрмө берди. Мамлекет башчы акыркы он жылда бир дагы ГЭС салынбаганын, электр энергиянын бир киловатын беш сомдон алып, элге 77 тыйындан берип турушканын, бул системаны банкротко алып келип, мурдагы бийлик 140 млрд. сомго жакын карызга батканын жазды.

“Мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар. Импортту беш сомдон алууну токтотобуз. Бизде өздүк наркы канча болсо ошончодон алабыз, же өзүбүздөн иштеп чыгабыз” деп тапшырма бергем. Бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат. 140 миллиард сом карызды көбөйтпөстөн четинен кутулуп баштадык. Кичи жана орто ГЭСтерди сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып, энергетика системасын кризистен алып чыгабыз. Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак” кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт", - деген Жапаров.

Көмүр маселесине токтолгон президент, жайы менен “Кыргызкөмүрдө” саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталганын белгилеген. Бул тармактагы коррупцияны жоюуга аракет көрүлүп жатканын айткан.

"Кара Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. “Баланча машина менен түкүнчө тонна көмүр келип түштү”мдеген. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Тагыраак айтсам, "воздух" келет. "Воздух" көмүрдүн ордун эмне менен толтурушат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип, ТЭЦке алып келгенде бармак басты, көз кысты болуп эле өтүп кетип турган. Кара Кечеден баштап, ТЭЦке чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп турушкан. Ошентип ТЭЦ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн", - деп жазды Жапаров.

"Түндүк электр" ишканасы 1-ноябрдан тартып бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Ишкананын басма сөз кызматы мындай кадам алдыдагы күз, кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында жасалып жатканын маалымдады. Мекеме Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз экенин белгилеп, кардарларды бул аргасыздык чечимди түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

Дагы караңыз

Милиция коомдук жайда аялын сабаган кишинин окуясын териштире баштадыКыргыз-кытай чек арасынан жүк ташыган айдоочулар президентке кайрылдыПольшанын чек арасын каптаган мигранттар Германия Евробиримдикти Польшанын чек арасын кайтарууга жардам берүүгө үндөдүУКМК кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин билдирди