Иранда Хаменеинин колунун сүрөтүн макалада колдонгон гезит жабылды

Kelid деген басылмада чыккан сүрөт.

Ирандын Пресса боюнча байкоочу кеңеши Kelid деп аталган күнүмдүк гезитти жабуу чечимин кабыл алды. Буга өлкөдөгү жакырчылык тууралуу макаладагы Ирандын Жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин колунун сүрөтү себеп болушу мүмкүн.

Байкоочу кеңештин башчысы Алаедин Зохурян 8-ноябрда мамлекеттик IRNA агенттигине гезиттин лицензиясын жокко чыгаруу чечимин кабыл алышканын билдирип, себебин түшүндүргөн эмес.

Иранда Хаменеини сындаганга жол берилбейт. Маалымат тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде "Иран ислам республикасынын лидерин сындаган каражаттардын лицензиясы жокко чыгарылат, ал эми макаланын автору же мекеменин жооптуу жетекчиси соттолуп, жазасын алат" деп жазылган.

Буга чейин Пресса иштери боюнча байкоочу кеңеш бир катар маалымат каражаттарын лицензиядан ажыраткан. 2012-жылы АКШнын Каржы министрлиги кеңешке санкция салган.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун пресса эркиндиги боюнча рейтингинде Иран 180 мамлекеттин ичинен 174-баскычта турат.

Дагы караңыз

Электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди“Азаттыктын” беларус кызматынын журналистинин кармалганына 500 күн болдуБШК: "Эл үмүтүнүн" шайлоо фондуна байланыштуу арыз түшө элек