Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана китеп басып чыгаруу тармагына мониторинг жүргүздү. Статкомдун маалыматына караганда, 2020-жылы 900 миң нуска менен 950 аталыштагы китеп басылып чыкты. Алардын 62% кыргыз тилинде чыккан. 2020-жылы 26 журнал, анын ичинен үчөөсү кыргыз тилинде, жылдык тиражы 67,6 миң нуска менен басып чыгарылган.
Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миң чарба жүргүзүүчү субъекттер катталган. Акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 14% көбөйгөн. 166 көзкарандысыз телерадиокомпания бар.
Кыргызстанда 7-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Бул дата кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу негизделген.
Дагы караңыз
ПРООН аймактык телеканалдарга дебат өткөрүү үчүн видеотехника бердиБишкекте 61 айдоочу мас абалында кармалдыКлимат: Күн энергиясы, абаны булгаган тоют АКШда үч университет бомба тууралуу билдирүүдөн соң окуу бөлүмдөрүн эвакуацияладыCOVID-19: Үч бейтап каза болуп, 58 адамдан оору аныкталды